Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 13.07.2018 13:50 На русском

Видео — Мурда да өлөм деп жүрчү: Кадамжайда өлүмдөн куткарылган кыз кайрадан өмүрүнө кол салды

Turmush -  1-июль күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз куткарылып калгандан кийин да кайрадан өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Ал эми Кадамжай аймактык ооруканасынан тастыкталган маалыматка караганда, ал өзүн өлтүрүү үчүн дары ичип алып, 6-июлда ооруканага түшкөн. 9-июль күнү Ош облустук психикалык жактан жабыркагандар ооруканасына жаткырылды.

Окуя тууралуу:

1-июль күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүм кыз куткарылганы кабарланган.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин 102 номуруна өспүрүм кыз чалып, «боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым» деп айтып телефонду коюп койгон. Аталган билдирүүдөн кийин Кадамжай РИИБдин кызматкерлери топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал кызды Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бара жатканда көрүп, аман алып калган.

(Кыз куткарылган учур)

Аны куткарып калган милиционер өзү агып кете жаздаган:

Андан кийин кызды куткарып калган милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев Turmush басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Анын айтымында, сууга боюн таштаган кыз быйыл 18 жашка толмок.

«1-июль күнү кадамкидей эле жумушка чыккам. Саат 13:20 чамасында Кадамжай РИИБденн телефон чалуу болуп, Хамион айыл өкмөтүнүн Гүлдүрөмө айылынан өспүрүм кыз өзүн «боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым» деп айтып телефонду коюп койгонун айтышты. Ошол замат жалпы топ менен Гүлдүрөмө айылын кесип өткөн Нургазиев каналын бойлоп, кызды издей баштадык. Жарым саат өткөндөн кийин эле ошол эле Нургазиев каналында агып бара жаткан кызды көрдүм. Каналдын агымы күчтүү болгондуктан кыз 300 метрге чейин агып барды. Агын суу күчтүү болгондыктан суу бөлүштүрүүчү жердин астынан агып чыкты. Суу бөлүштүрүүчү жайлар кооптуу, андыктан мен кийинки суу бөлүштүрүүчү жайга жеткирбей куткарып калууну чечтим. Ал учурда мен каналдын агымы менен жарышып, унаа менен кубалап жетип, унаадан түшкөндөн кийин 70 метрдей жерге чуркап кийимдеримди утуру чечип барып, сууга секирип кызды куткарып калдым. Кызды кармаган кезимде жалгыз болчумун. Канал сыйгалак болуп кызды өз алдымча чыгара албай койдум. Кийин ошол жердеги жаш балдардан жардам сурадым. Бирок алардын күчү жетпей койду. Артымды карасам бир бала телефонго мени тартып жаткан экен. Ал баланы «видеону өчүрүп, жардам бер» деп чакырдым. Акыры ал жерден чыга албай дагы 30 метр кыз менен кошо агып барып, суу түтүк өткөн жерди кармап калдым. Ал жерден ошол жердеги жаш балдар чогулуп алгач кызды, кийин мени тартып алышты. Ошол жерден аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерин жана айылдын тургундарын чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өспүрүм кыздын ден соолугу жакшы болгондуктан жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырдык.

Мен куткарып калган кыз быйыл мектепти бүткөн жаш өспүрүм кыз болуп чыкты. 2 айдан кийин 18 жашка толот экен. Кыз өзү Халмион айыл өкмөтүнөн болуп, бирок Орозбеков айылында таенесинин колунда өскөн. Ата-энеси Россияда эмгектенишет экен. Биз «милицияга эмнеге чалдың эле?» деген сурообузга кыз «менин өлүмүмө үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болгонун милиция билсин дедим» деп айтты. Ал кыз мындан мурда да үй-бүлөлүк келиспештиктен өзүн-өзү өлтүрөм деп айтып келген экен.

Кийин үйгө келсем тааныштарым «1-июль — Куткаруучулардын майрамдык күнүндө адам куткарыптырсың» деп айтып калышты. Мен 16 жылдан бери милиция кызматкери болуп иштейм. Учурда Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп эмгектенем», - деген ал.

Нурланбек Бегалиев 6 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×