Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 21.07.2018 09:50 На русском

Кадамжайдагы чек арада чатак чыгып, жаракат алган ата-балага жардам көрсөтүлдү

Turmush -  18-июлда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан улам 2 кыргызстандык ата-бала жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүүлөр маалымдады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Булак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Шахимардан айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын кесепетинен кыргызстандык ата-бала жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган.

Оорукананын маалыматына караганда, алардын жаракаттары жеңил болгондуктан тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин кайра үйлөрүнө жиберилди.

Райондун акими Жаныбек Исаков бул маалыматты тастыктап, жергиликтүү орган кызматкерлери бул боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Баткен ОИИБ басма сөз кызматы аталган факт бейбаштык катары каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 18-июда саат 20:00 чамасында Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына чектешкен Өзбекстандын Шахмардан айылында болгон.

«Анда Кадамжай районунун 48 жаштагы жана 18 жаштагы (ата-бала) тургундары, Машалаң жайлоосунан кайтып келе жатып, Өзбекстандын Шахмардан айылын кесип өтмөк болушат. Ал учурда 5-6 бейтааныш өзбекстандык тургундар аларды ур-тепкиге алышкан. Мындан улам денелеринен жаракат алган ата-бала Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган. Бирок денелеринде оор жаракат жок болгондуктан тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, үйлөрүнө кайра кетишкен. Бул факт боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, териштирүү иштеринин аягында кылмыш иши козголор же козголбой тургандыгы белилүү болот», - деди Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Мамлекеттик чек ара кызматы эмне дейт?

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя Өзбекстандын Шахимардан анклавында болгон.

«Кыргызстандын 3 жараны Шахимардан анклавы аркылуу Кыргызстандын Көтөрмө айылына кайтып келе жаткан. Ошол учурда өзбекстандык бир топ адам чатак чыгарып, кыргызстандык 2 адамга жаракат келтиришкен. Аталган факты боюнча 2 тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушуп, иликтөө жүргүзүүнү макулдашты. Кыргызстандык 2 адамдын абалы канааттандырарлык.
Аталган чыр кошуна мамлекеттик аймагында болгондуктан ал чек арадагы чыр катары каралбайт», - деп айтылат маалыматта.

Учурда чек арадагы элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×