Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 26.07.2018 18:37 На русском

Видео — Кадамжайда дарыяга атайын секирген 16 жаштагы кыз аман-эсен куткарылды

Turmush -  Бүгүн, 26-июлда Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына атайын боюн таштаган 16 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя саат 15:30 чамасында болгон. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө «жаш кыз өзүн сууга таштады» деген кабар түшкөн. Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Давран Абдуразаков, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Тынчтык Абдиев жана Азиретали Акынбаев окуя болгон жерге ыкчам жетип, Исфайрам дарыясынан кызды куткарууга жетишип калышты. Дарыяда 10 метрдей аккан кызды 3 кызматкер эсен-аман алып чыгып, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнөн ысымын такташкан. Жыйынтыгында сууга боюн таштаган кыз Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы тургуну Ю.Н. экендиги аныкталды. Ал өз өмүрүн кыюу үчүн атайын сууга секиргендиги такталды. Азыркы убакта кыздын туугандары чакырылып, тиешелүү материалдар жыйналып, кызга жана ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кадамжай районунун аймагында жыл башынан бери өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган 3 факты катталды. Алардын бирөөсү каза болсо, экөөсүн милиция кызматкерлери аман сактап калышкан.

Буга чейин 1-июлда да Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүм кыз куткарылган болчу. Анын мурда эле өлөм деп жүргөнү аныкталган. Облус жетекчилиги аны куткарып калган милиция кызматкерине сыйлык ыйгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×