Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 03.08.2018 12:10

Кадамжайдын Кара-Шоро айылындагы 7 турак үйдүн чарбагын сел каптады (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында кечээ, 2-августта саат 11:20 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Шоро айылында жайгашкан 7 турак үйдүн чарбагын шагыл аралаш сел каптаган. Турак үйлөргө эч кандай зыян келбегенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ички чарбалык унаа жолдун 200 метр аралыгына, ички чарбалык арыктарга жана чарбалык каналга кум-шагыл толгон.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч унаа жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Жыйынтыгында 3 турак үйдүн короосу, кум-шагыл толгон арыктар жана канал толугу менен тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×