Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 07.08.2018 16:04 На русском

Кадамжайдагы жол кырсыктан россиялык жигит менен 22 жаштагы кыз каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен көз жумган адамдардын бири Россиянын жараны болгон.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы кечээ, 6-августта саат 22:30 чамасында Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 178-чакырымында (Жаш-Тилек айылы) «Тойота Эстима» унаасы менен трактор кагышканын билдирген. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адамдын өмүрү кыйылган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, «Тойота Эстимада» айдоочу менен жалпы 6 адам бара жаткан. Алардын ичинен 2 адам — 1998-жылы туулган С.Ш. (Россиянын жараны) жана 1996-жылы туулган Б.Р. (Кыргызстандын жараны) алган жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле 2 адам ооруканага жеткирилген.

Айдоочу — Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.С. жана 1 жүргүнчү жаракат алган эмес. Жүргүнчү Ош шаарындагы аэропортко бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×