Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 08.08.2018 12:19 На русском

Сүрөт — Кадамжайда жеңил унаа каналга кулап, 2 адам каза болду

Turmush -  Кечээ, 7-августта саат 22:30 чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Көл айылынан өткөн каналга жеңил унаа түшүп кетти. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кожо-Кайыр каналына «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 03KG793ААК) кулап кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 2 эркек адам – 1955-жылы туулган А.А. менен А.И. көз жумду.

ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен каза болгон адамдардын денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

6-августта да Кадамжай районундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы 6-августта саат 22:30 чамасында Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 178-чакырымында (Жаш-Тилек айылы) «Тойота Эстима» унаасы менен трактор кагышканын билдирген. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адамдын өмүрү кыйылган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, «Тойота Эстимада» айдоочу менен жалпы 6 адам бара жаткан. Алардын ичинен 2 адам — 1998-жылы туулган С.Ш. (Россиянын жараны) жана 1996-жылы туулган Б.Р. (Кыргызстандын жараны) алган жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле 2 адам ооруканага жеткирилген.

Айдоочу — Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.С. жана 1 жүргүнчү жаракат алган эмес. Жүргүнчү Ош шаарындагы аэропортко бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×