Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.08.2018 17:05

Баткенде 2 жыл мурун дайынсыз жоголгон О.Сапаров изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылынын 1956-жылы туулган тургуну Орозбай Сапаров изделип жатат. Ал 2016-жылдын 8-июнунда өзүнүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барбаганын Баткен ОИИБден билдиришти.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, чачы ак, көзү кара, арыкчырай. Оң кашынын жогору жагында 1-1,5 см так бар. Аны акыркы жолу Кызыл-Кыя шаарынан көрүшкөндө Ош шаарына бара турганын айткан.

О.Сапаровду көргөндөр же ал тууралуу маалымат билгендер Кадамжай РИИБге же 03655 102, 03655 50229, 0770 777702 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×