Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.08.2018 21:11

Кадамжайда 5 айыл өкмөттөн чогулган жаштар футбол мелдешине түштү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-августта Кадамжай районунун 5 айыл өкмөтүнүн тургундарынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Руслан Темиров билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Марказ, А.Масалиев, Майдан, Чаувай жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары катышты. Футболдук мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү болгон командаларга 20 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Спорттук иш-чараны жергиликтүү жаштар тургундарды ынтымакка чакыруу жана спортко тартуу максатында уюштурушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×