Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.08.2018 17:55

Кадамжайдагы Сулайманабод айылынын эли таза суу менен камсыздалды

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Сулайманабод айылында таза суу чыгарылды. Айылга 40 даана суу түтүктөрү орнотулуп, жашоочулар таза суу менен камсыз болгон.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжан Абдурахмановдун айтымында, таза суу быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата чыгарылды.

«Буга чейин айылда таза суу жок болгондуктан жашоочулар сугат сууну пайдаланып келишкен. Эми айыл эли таза суу менен камсыздалды. Башка айылдарда да таза суу чыгаруу айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына киргизилген», - деди А.Абдурахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×