Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 14.08.2018 09:04

Кадамжайда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кутман-Көл» эс алуу жайы иштей баштады (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында «Кутман-Көл» эс алуу зонасы иштей баштады. Бул тууралуу Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, райондун Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү эс алуу жайы 2010-жылдан бери иштебей турган.

«1991-жылы «Кутман-Көл» эс алуу зонасына асма жол курулуп ишке берилген. Ал учурда сурьма комбинатынын карамагында болгон. Кийин жеке менчик болуп, көп жыл иштебей калды. 2010-жылы кыргыз-өзбек чек арасы жабылып, эс алуучулар өтпөй калышкан. Эми быйыл чек ара маселеси жеңилдеп, өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андыктан эс алуу жайы ишке берилди. Асма жолдор кайрадан оңдолуп, көлгө атайын катамарандар коюлган. Убагында бул эс алуу жайына күнүнө 1 миңден ашык эс алуучу келип турчу. Азыр да шарттар каралды. Алдыда Кыргызстандын бардык аймактарынан эс алуучулар келип эс алышат. Кыргызстан эле эмес Өзбекстандан да келип жатышат. Бул туристтердин көп келишине, ошол жерде жашаган элдердин соода-сатыгына, эки элдин ынтымагына өбөлгө болот деген ойдобуз», - деди Исаков.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн тургуну Арып Тургуновдун айтымында, көл кышкысын өзүнөн-өзү жок болуп кетет.

«Илгери ата-бабаларыбыз Кутман-Көлдү көргөнү тоо аралап, 2000 метрдей бийиктиктеги тоодон ашып өтүшкөн. Андыктан бул көлгө баруу үчүн асма жол курулган. Ал ток менен иштейт. Анда 92 асма челеги бар. Анын ар бири 163 кг чейинки салмакты көтөрө алат. Жерден 13-15 метр бийиктикте жарым сааттай аралыкта айланып келет. Көл болсо жазында суусу көп болуп, кышкысын сиңип жок болуп кетет. Мында 2 көл бар. Бири ыйык көл, чөмүлгөнгө уруксат берилген эмес. Суусу тунук, таза, муздак болуп турат», - деди ал.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кутман-Көл эс алуу аймагы Өзбекстандын Шахимардан айыл аймагы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×