Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 14.08.2018 11:50

Айыл турмушу: Кадамжайлык Т.Мамадиев майып кошунасына өзү жүрүүчү араба жасап берди (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Чоң-Кара айылынын 27 жаштагы тургуну Тургунали Мамадиев устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жакында майып кошунасына өзү жүрүүчү араба жасап, 20 миң сомго сатты. Бул араба 10 күндүн ичинде жасалып бүттү.

«Көп жылдан бери устачылык менен алектенем. Кошунам Абдинаби Алтымышев 18 жылдан бери инсульт оорусу менен ооруп, баса албай кыйналып жүрдү. Ага атайын өзү жүрүүчү араба жасап берейин деп чечтим. Кошунам араба үчүн атайын аккумулятор, кубаттандыруучу жабдыктарды сатып алып келди. Мен эски майыптар арабасын, шайтан арабаны бузуп, кайра 10 күндө жасап чыктым. Араба атайын чубалгы аркылуу кубаттандырылып, газ менен жүрөт. 2,5 саат кубаттандырылса 1 күнгө кенен жетет. Бул менин биринчи жасаган арабам. Азыр ар кандай түрүн дагы ойлонуштуруп жатабыз», - деди ал.

Турсунали Мамадиев буга чейин пескоблок чыгаруучу цех иштетип келген. Ал 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×