Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 16.08.2018 09:23

Баткендеги эң бай айыл өкмөттүн күрүчтөрү Европага Тажикстандын атынан сатылат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 30-40% күрүчтөн түшөт. Айыл аймактын 3 миң гектарын ээлеген шалылар сентябрь айында бышып, сатыкка чыга баштайт. Учурда күрүч менен алектенген дыйкандар зыянкечтерден алдын алуу аракеттерин көрүп жатышат.

Жергиликтүү дыйкан Миталип Кенжебаев 1 гектар 80 сотых шалы талаасына күрүчтүн 4 түрүн эккен. Андан жылына 3-4 тоннадай түшүм алат. Учурда шалынын айланасында өскөн чөптөрдү оруп жаткан кези. Эгер шалы ашыкча чөптөн арылса, шамал өтүп, түшүмдүүлүк көп болот.

«Биздин негизги дыйканчылыгыбыз — шалы. Быйыл 4 түрүн эккенбиз. Быйыл былтыркыдан жакшы түшүм алам деп ойлойм. Былтыр 100 центнер алган болсом, быйыл андан да көп алам», - деди ал.

Учурда күрүч менен алектенгендер шалынын отоо чөптөрүнө каршы дарыларын чачып, зыянкечтерди алдын алып жатышат. Бирок дарылары анчейин пайдасын бербей жатканын айтышууда. Мындан улам түшүмдүүлүк аз болуп калат деп чочулашат.

«Дарыдан кыйналып жатабыз. Башкасынан кыйынчылык жок. Мына азыр шалы баш алып, жакшы болуп жатат. Бирок дары кайсы фирмадан келип жатат? Бири отоо чөптөрдү өлтүрүп жатат, бири өлтүрбөй жатат», - деди Кенжебаев.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн агроному Маматжан Жолдошевдин айтымында, айыл чарба боюнча адистер келип, окууларды өткөрүп жатат. Бирок дыйкандар өздөрү менен өздөрү болуп жүрүшөт.

«Бизге дыйкандар келип кайрылса маалымат жана башкаларын айтып, жардам берип турабыз», - деди ал.

Ак-Турпак айыл аймагынын 3 миң гектар жерин шалы талаасы ээлеген. Андан 50 миң тоннадай күрүч алынып, 30 миң тоннасы коңшу өлкөлөргө ички рынок аркылуу сатылат. Бул киреше айыл аймактын бюджетинин 30% түзөт. Бирок күрүчтү баштыкка салып, таңгактай турган ишкана жоктугунан анын баасы да коңшу өлкөлөргө көз каранды болуп калган.

Ак-Турпак айыл аймагынын башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдиевдин айтымында, баткендиктердин күрүчүн тажикстандыктар алып кетишет.

«Тажкистандыктар биздин күрүчтү алып барып, өздөрүнүн атынан таңгактап, Россияга экспорттошот. Ошондуктан биз Аймактарды өнүктүрүү жылында өзүбүздө иш каралып, күрүчтү таңгактоочу ишкана куруп жатабыз. Ал жерде күрүчтү таңгактап туруп, Кыргызстандын атынан «Ак-Турпак күрүчү» деген эн белги менен сатабыз», - деди ал.

Баткен облусунун аймагында 3,5 миң гектар жерге күрүч айдалса анын 3 миңин Ак-Турпак күрүчү ээлейт. Күрүчтүн анжиян, взросс лазер деген түрлөрү кеңири таралган. Оруп-жыйноо иштери аяктагандан кийин ак жуазга тартылат. Ал үчүн айылда атайын электр кубатынын жардамы менен иштөөчү цехтер да бар. Учурда күрүчтүн базардагы баасы түрүнө карап 70 сомдон 120 сомго чейин сатылууда.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×