Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.08.2018 13:14

Кадамжайдагы жаңы конушта 4 млн сомдук балдар аянтчасы ачылды (сүрөт)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бүгүн, 19-августта Баткендеги Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы жаңы конушта балдар ойноочу аянтча ачылды. Долбоор жергиликтүү бийликтин жана жеке ишкердин колдоосунда ишке ашкан, деп билдирди кабарчы. Ага жалпы 4 млн сом акча каражаты жумшалган.

Жалпысынан 45 сотых аянттагы балдар аянтчасында бассейн, теннис столу, бильярд столдору да бар. Балдар аянтасын ачуунун максаты — өлкөнүн келечеги болгон балдарга, өспүрүмдөргө шарт түзүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×