Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 21.08.2018 14:45

Кадамжайда Курман айтка карата 18 бодо мал союлду (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда Курман айт майрамына карата 18 бодо мал, ондогон майда мал союлуп, элге таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл өкмөттөрдө да курмандыктар чалынып, жашоочуларга эт таратылып жатат. Ошондой эле Америкада эмгектенген мекендештер тарабынан берилген 3 бодо мал да союлду. Малдын эти район аймагында жашаган жөнөкөй тургундардан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чейин таратылат.

Ошондой эле көчөдөгү жаш балдарга акысыз бал муздак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×