Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 23.08.2018 12:44

Айыл турмушу: 13 жаштагы А.Юсупжанов каникул учурунда шабдалы терип акча табууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 13 жаштагы тургуну Азатбек Юсупжанов каникул учурунда шабдалы терип иштеп акча таап, үй-бүлөсүнө жардам берүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүнө 500 сомдон табат.

«Биздин айылда малина, гилас, шабдалы жакшы өскөндүктөн алар бышкан учурда досторум менен кошуналарга, туугандарга теришип жардам берип, акы алабыз. Мисалы, гилас май айынан териле баштайт. Кийин малина сезону башталат. Ээлери өздөрү терип жетишпей калышат. Ошондо бизди чакырышат. Азыр болсо шабдалы терип, күнүнө 500 сомдон алып жатабыз. Сентябрга чейин иштейбиз. Тапкан акчамды ата-энеме берем. Үйдөгүлөр иштегениме каршы эмес. Анткени өзүбүздө жумуш деле жок. Үйдө бекер отургандан көрө акча таап, сентябрга карата кийим алабыз. Эгер ата-энем иштебе десе, мен каршылыктарга карабай иштемекмин. Анткени мен теңдүү балдар көчөлөрдө жүрүшөт. Мен болсо окууга кийим, керектүү окуу куралдарына иштейм. Окуу башталган учурда деле бош убактымда жардам берип, акча тапкан учур болот.

Үйдө ата-энем, акем, үкөм бар. Мектепте жалаң 5 деген баага окуйм. Чоңойсом дарыгер болсом дейм. Ошондуктан максатыма жетиш үчүн көп аракет кылам», - деди ал.

Азатбек үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×