Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 23.08.2018 13:35

Кадамжайда шабдалы мурдагыга караганда 2 эсе арзан сатылып, багбандардын мээнети акталбай жатат

Turmush -  Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында шабдалы арзан сатылып жаткандыктан элдердин эмгеги акталбай жатат

Быйыл Кадамжай районунда шабдалынын түшүмү жакшы болгону менен анын баасы былтыркы жылга салыштырмалуу арзан болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү багбандар маалымдады.

Багбан Курбанали Мадашимовдун айтымында, мурдагы жылы шабдалынын 1 кг 45 сомдон сатылса, быйыл 20 сомдон сатылууда.

«Мен Үч-Коргон айыл аймагында жашап дыйканчылык кылам. Бизде эң негизги киреше болуп мөмө-жемиштер эсептелет. Буга байланыштуу жыл сайын дыйкандар бардык тапкан каражатын шабдалы, гилас жана башка мөмө-жемиштерди кароого сарптайт. Менин 3,5 гектар жерим бар. Жердин барына бак тигилген. Ал жерде гилас, шабдалыдан тарта бардык мөмөлүү дарактар бар. Дарактар үчүн дары алууга жана башка камкордуктарга жылына 500 миң сомдон ашуун каражат кетет. Колумда 8 адам иштейт. Аларга айына 10 миң сомдон айлык маяна берем.
Мурдагы жылы шабдалынын 1 кг 45 сомдон сатсак, быйыл 20 сомдон баалап сатып жатабыз. Аны да сатып алуучулар аз. Негизи бизден өндүрүлгөн мөмө-жемиштер Казакстан жана Россияга экспорттолот. Быйыл мөмө-жемиштерден эч кандай каражат таба албадым. Керек болсо дарактарды кароого жумшалган каражатым да акталган жок», - деди Мадашимов.

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, район аймагында 5 миң тоннага жакын шабдалы өндүрүлөт. Алар Казакстанга, Россияга экспортолуп турган.

«Сатып алуучулар менен эч кандай келишим жок. Жеке ишкерлер өздөрү каалаган баада, каалаган кишисине сатууга укугу бар. Быйылкы жылы шабдалы өтө арзан баада сатылып, дыйкандардын эмгеги акталбай жатканы чын. Биз бул боюнча эч кандай жардам бере албайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×