Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.08.2018 13:50

Кадамжайдын Кара-Кечүү айылында волейбол аянтчасы ачылды (видео)

Turmush -  Кечээ, 24-августта Кадамжай районунун Кара-Кечүү айылында 600 миң сомго курулган волейбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу А.Орозбеков айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аянт айылдагы жаштардын жана жергиликтүү элдин салымы менен быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата курулду. Курулуш иштерине кеткен 600 миң сомго жакын каражатты айылдагы жаштар каржылады. Ачылуу аземинин урматына айыл өкмөттөр аралык фолейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Айылда буга чейин волейбол аянтчасы болгон эмес.
Былтыр аталган аймакка 3 млн 600 миң сомго футбол аянтчасы курулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×