Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 27.08.2018 09:53

Акыркы суткада өлкө аймагында 24 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 29 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 27-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Аустан айылындагы Төкү жайлоосунда тоодо 50 сотых куураган чөп күйдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 46 куткаруучу жана токой чарбасынан 5 адам тартылган. Өрт саат 14:56да толугу менен өчүрүлдү.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 162 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×