Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 04.09.2018 16:54

Айыл турмушу: Кадамжайлык Б.Рахманов мөмө-жемиш сактоочу 50 тонналык кампа иштетүүдө (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүнүн тургуну Батыржан Рахманов 2 жылдан бери мөмө-жемиш сактоочу 50 тонналык кампа иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен тааанышты.

Өзүнүн айтымында, элден шабдалынын 1 кг 20 сомдон сатып алып, кампада сактоодо. Учурда айыл аймакта мөмө-жемиш сактоочу 6 кампа бар. Аларга 50 тоннадан 500 тоннага чейин жемиш сактоого болот. Кампаларда жемиштер 3 айга чейин сапатын жоготпой сакталат. Быйылкы жылы шабдалы жакшы болуп, багбандар 1 түп шабдалыдан 200-300 кг чейин түшүм алышты. Бүгүнкү күндө бул шабдалылар Казакстанга жана Россияга эскпорттолуп жатат.

«Быйыл шабдалы көп болгондуктан баасы арзан болуп жатат. Мен элден 20 сомдон сатып алып, кампада сактап жатам. 1 айдан соң шабдалы 2 эсе кымбат болот. Ошондо сатам. Ал эми эл мөмө-жемишин сактай турган болсо 1кг 1 айга 1 сомдон сактап берем. Бул жерде мөмө-жемиштерди жакшы сапатта сактоо үчүн бардык шарттар түзүлүп, муздаткыч да орнотулган. Учурда багбандар шабдалыны алып келип сактап жатышат», - деди ал.

Кадамжай райондук айыл чарба департаментинин башчысы Айдар Асамидиновдун айтымында, бул сезондо 300 тоннага чейин шабдалы алынды. Кадайжайда негизинен шабдалынын 15ке жакын түрү өсөт. Күзүндө бышуучу мясар, чемпион жана элверт деген түрлөрү бар. Район аймагына 20дан ашык логистикалык борбор курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×