Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.09.2018 09:40 Жаңыланды: 07.09.2018 16:15 На русском

Ажы той. Кадамжайда ажыдан келгендерди көчөгө килемдерди төшөп тосуп алышты (видео)

Turmush -  Кечээ, 6-сентябрда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнөн ажылык сапарга кеткен 21 адам кайтып келди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар чогуу бир жерде — Бостон айылындагы чайканада ажы той өткөрүштү. Муну менен бир топ каражат үнөмдөлгөн. Мындай демилге 2016-жылы өткөн курултайда көтөрүлүп, салтка айланып бара жаткан ашыкча көрүнүштөрдү кыскартуу боюнча жобо кабыл алынган болчу.

Ал эми тойго келген адамдар ажылар келе жаткан жолго килемдерди төшөп тосуп алышты. Бул көрүнүш «биз дагы силерге окшоп ажыга баралы» деген мааниде жасалат.

Буга чейин ажыга барып келген адамдар ар бири өз алдынча ажы той уюштуруп, бир топ чыгым коротуп келген.

Ал эми Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаевдин айтымында, хадисте ажыдан келген адамдын үйүнө жеткенге чейинки тилектери кабыл болот деп айтылат.

«Жолго килем салуунун кажети деле жок. Ансыз деле дуба сурап алса болот. Бирок кыргызда сый-урмат катары килем салынып келет. Элдер өздөрү да ажыга барууну максат кылат.

Килем салсын деген шарт жок, болгону элдин бири-бирине болгон сый-урматы», - деди Н.Орунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×