Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.09.2018 10:27 На русском

Көк-Талаа айылынын эли эски мечиттин ордуна жаңы имарат куруп жатышат

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында эски мечит бузулуп, ордуна жаңысы курулууда. Эски мечит 1990-жылдары салынган.

Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаиловдун айтымында, жаңы мечиттин курулушуна кайрымдуулук фонддордун бири демөөрчү болуп, 4 млн сомго жакын каражат бөлүп берди.

«Жаңы мечит бардык шарттары менен курулуп жатат. Түзүлгөн долбоор боюнча 4 миллион сомдун тегерегинде каражат каралган. Эски мечитке салыштырмалуу чоңураак жана анда даараткана, медресе да болот. Курулуш иштерине жергиликтүү элдин салымы өтө чоң болууда. Усталарга тамак-ашты айыл тургундары жасап келүүдө. Жалпы 12 куруучу бар. Ошондой эле өз каалоосу менен келип, акысыз иштеп жаткан тургундар да бар. Мечит ашар жолу менен курулуп жатат», - деди И.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×