Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.09.2018 15:12 На русском

Быйыл Кадамжайда кутурган ит тиштеген 1 адам каза болду

Turmush -  Быйылкы жылдын 8 айында Кадамжай району боюнча адамдарды иттер тиштеген 220 факты катталды. Бул тууралуу Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бир адамды кутурган ит тиштеп каза болгон. Учурда жолбун иттерди жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Мындан тышкары Баткен облусунда кургак учук менен ооруган 254 адам катталса, анын ичинен 91 адам Кадамжай районунда жашайт. Былтыр облус аймаганда кургак учук менен 231 адам ооруса, анын ичинен 63 бейтап Кадамжайдын тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×