Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.09.2018 11:25

Марказ айыл өкмөтүндөгү 6 айылдын эли эми арыктагы суудан ичпейт (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Достук, Маяк, Көк-Талаа жана Марказ айылдары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, аталган 6 айылда СССР учурунан бери таза суу болгон эмес.

«Биз 2017-жылдан бери Марказ, Маяк, Көк-Талаа жана Достук айылдарын таза суу менен камсыз кылуу аракеттерин көрүп келе жатабыз. Бул долбоор негизи 2005-жылы демилгеленип, каржыланган экен. Бирок кандайдыр бир себептер менен иш толук аткарылбай калган. 2017-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан да акча чогултулду», - деди И.Исмаилов.

Буга чейин айыл тургундары арыктагы сууну ичип келишкен. Эми жашоочулар 2019-жылы таза суу менен камсыз болушат.

«2018-жылы жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүндү. Муну менен бирге суу сактагычтарды да оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, суу түтүктөр коюлду. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен дамба курдук. 2018-жылы жалпы 3 млн сом таза суу чыгаруу иштерине жумшалды. Буюрса 2019-жылы долбоор толугу менен ишке ашырылып, аталган айылдар таза суу менен камсыз болушат», - деди И.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×