Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 20.09.2018 14:14

Көк-Талаа айылындагы окуучулар полу чирип, ным тарткан мектепте окушат

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы Кудайкул Сатаров орто мектеби талапка жооп бербейт. Бул тууралуу ата-энелер комитетинин башчысы Динара Рахманова билдирди.

Анын айтымында, мектептин полдору чирип, сынып кеткен. Класстын ичин ным тартып, атайын спорт зал да жок.

«Бул мектеп 1964-жылы курулган. Мектепте спорт зал жана жыйын залы жок. Жалпы 655 окуучу билип алып, 40 мугалим эмгектенет. Окуучулар аябай начар шарттарда билим алууда. Атайын балдар үчүн ашкана да каралган эмес. Дене тарбия сабагы кышында, жазында да сыртта өтүлөт. Полдор чирип, ар кайсы жеринен тешилип, отургуч, парталардын эскилиги жеткен», - деди Д.Рахманова.

2015-жылы парламенттик шайлоодо партиялардын бириндеги депутат жаңы мектеп куруп берүүнү убадалаган. Бирок бул долбоор мамлекеттин каттоосунда жок болуп, бюжеттен да каражат бөлүнгөн эмес.

«2015-жылы сентябрь айында парламенттик шайлоонун алдында депутаттар келип, бир топ убадаларды берип кетишкен болчу. Талапкерлердин бири жана райондун ошол учурдагы акими жаңы мектеп курулуп, 2016-жылы 1-сентябрдан баштап окуучулар кабыл алына турганын айтышкан. Ошондой эле ал тез жардам унаасын өзүнүн каражатынан алып берүүнү убадалаган эле. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо да ошол эле депутат "курулушту баштайбыз, бүтүрөбүз" деп кеткен. Бирок бир дагы убада аткарыла элек.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ушул маселе боюнча Жогорку Кеңешке барып келдим. Бирок ал жерден аталган мектеп тууралуу эч кандай маалымат таба алышкан жок. Мамлекеттин каттоосунда мындай долбоор жок болуп чыкты. Бул жөн гана шайлоо оюндары экен», - деди Д.Рахманова.

Көк-Талаа айылынын аксакалы Асан Кудайбергенов: «Аталган депутат экөөбүз мектептин пайдубалына топурак таштап, ишти баштап бергенбиз. Бирок белгисиз себептер менен убада аткарылбай келет. Марказ айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдар ошол партияга добуш бергенбиз. Бирок алардын убадаларынын бири да аткарылган жок», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×