Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 22.09.2018 10:19

Кадамжайдын Таш-Дөбө айылында 17 млн сомго курулган бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылында 50 орунга ылайыкташкан «Күн бала-Таш-Дөбө» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы сметалык баасы 17 млн 149 миң сомду түзгөн имарат мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулду. Балдар бакчасына таза суу жеткирүү үчүн Халмион айыл өкмөтү 165 миң сом каражат бөлгөн. Ошондой эле балдар бакчасынын ички керектөөлөрүн толуктоо үчүн ата-энелер 282 миң 500 сомдук жардам көрсөтүшкөн болсо, айылдын демөөрчүлөрү 20 миң сомдук салым кошушкан. Учурда бул жерде 11 адам жумуш менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×