Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.09.2018 15:58

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Назаралиев шалынын данын ажыратуучу комбайндарды жасап, 160 миң сомдон сатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Арстанбек Назаралиев 6 жылдан бери шалынын данын ажыратып берүүчү комбайндарды жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жалпы 37 комбайн жасап саткан.

«6 жылдан бери комбайн жасап сатам. Бир комбайндын баасы 160 миң сом болот. Материалдарын Ош шаарынан алып келем. Комбайн шалыдан данды ажыратып берет. Аларды көбүнчө күрүч өстүргөн аймактардагылар алышат. Мисалы Өзгөн, Араван райондордундагы жана Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү дыйкандар сатып алышты. Комбайн күнүнө 1 гектер шалы аянтындагы шалынын данын бөлүп чыгарат. Быйыл мындай 5 комбайн жасап, анын ар бирин 160 миң сомдон сатып, 800 миң сом киреше таптым», - деди ал.

Уста комбайн жасагандан тышкары өзүнүн 1,5 гектар жерине күрүч эгип, дыйканчылык кылат. Учурда шалынын түшүмүн жыйнатып жатат. Шалыдан 150 сом киреше алууну көздөп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×