Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.09.2018 11:32

Кадамжайда Көк-Талаа—Караван унаа жолуна асфальт төшөлүп баштады

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа—Караван унаа жолуна асфальт төшөлүп баштады.

Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаиловдун айтымында, жолду асфальттоонун 1-этабы 11-сентябрдан башталып, жолдор тегизделген. 24-сентябрдан тартып шагыл төшөлүп, асфальт төшөлө баштады. Азыркы учурда 2 км жакын жол асфальтталды. 2020-жылга чейин жалпы 33 чакырым жол толугу менен асфальтталып бүтөт.

Буга чейин 2017-жылы ноябрь айында Кара-Дөбө айылынан баштап Көк-Талаа айылына чейинки эски асфальттар казылып алынган. Жолду асфальттоо иштери бирде жүрүп, бирде белгисиз себептер менен токтоп турган. Жолдор чаңдап, жергиликтүү тургундарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×