Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 26.09.2018 16:10

Айыл турмушу: Кадамжайдагы дыйкандар жашылчалардын экинчи түшүмүн былтыркыдан арзан сатып жатышат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы дыйкандар экинчи жолу эккен жашылчалардын түшүмдөрүн жыйнап жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү дыйкандардын бири Насиба Мырзалиева 60 сотых жерине картошкадан кийин бадыраң эккен. Учурда бадыраңдан бир теримде эле 500 кг түшүм жыйнап жатат. Август айынын ортосунда башталган терим октябрдын ортолоруна чейин уланат.

«Бир тергенде 500 кг түшүм чыгып жатты. Азыр азайып, 15-20 каптан чыгып жатат. Күн алыстан терип турабыз. Бир күн эс алдырып, эртеси кайрадан жаңы чыккандарын тере беребиз. Тербей калсак чоңоюп кетет. Ал эми мындан түшкөн киреше жакшы. Чоң үй-бүлөбүз. Бардыгыбызга жетет», - деди ал.

Дилдора Рустамова талаада дыйканчылык иштерине жардам берип иштейт. Жыйым-терим учурунда үйдө бекер отурган кыз-келиндер да кирешелүү иш менен камсыз болот. Алар жыйын-терим мезгилинде атайын топторго бөлүнүп, акылуу ашарга чыгышат.

«Мына ушундай иштер бар экен. Биз бекер калбайбыз. Күнүнө 400 сомдон болот. Бадырың терүүгө, пиязга да чыгабыз. Айылда бекер отургандан көрө иш менен алектенип калдык», - деди Рустамова.

Бадырың суу менен гана көбөйө алат. Эгер бат-баттан сугарылып турса түшүмү да жакшы болот. Ошондой эле ооруларын алдын алуу үчүн дарылап туруу керек. Бышкандан тарта 3 күн аралыгында терилип алынбаса саргайып, көлөмү да чоңоюп кетет да жегенге болбой калат. Мындайлардын уругу гана алынып, калганы малга жем болот.

Дыйканчылык талаа Ош—Баткен жолунун боюнда жайгашкандыктан, жыйналган түшүм базарда эмес, жеринен эле сатылып кетет. Ал эми алардын килограммы 15-20 сомдон бааланып, Ош, Баткен облустарына сатылууда. Быйыл Өзбекстандын чек арасы ачылгандыгына байланыштуу бадыраңдын баасы 20 сомго түшүп кеткен.

«Баасы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла арзан. Бирок түшүмдүүлүк жакшы. Дыйкандарга ушул жагынан кыйынчылык болуп жатат. Өзбекстан ачылгандан бери ушинтип баа түшүп кетти», - деди Марказ айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Тургунов.

Кадамжай районунда жалпы 546 гектар аянтка экинчи жолу бадыраң, сабиз, түрп, пияз жана башка жашылчалар эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×