Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 27.09.2018 11:46 На русском

Кадамжайдагы тажик окуучулар «Манас» айтып, кыргыз тилин даңазалашты (сүрөт, видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тажик тилдүү Пушкин атындагы орто мектебинде «Кылым карыткан кыргыз тилим» фестивалы өттү. Бул иш-чара кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата уюштурулган.

Анда тажик улутундагы окуучулар жана мугалимдер «Манас» эпосунан үзүндү айтып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, көрүүчүлөрдү таң калтырышты.

Фестивалга Баткен облустук жаштар жана туризм агенттигинин кызматкери Айсулуу Усеналиева, Кадамжай районунун акиминин орун басары Мейликан Асанова, жашоочулардан 250дөн ашуун адам катышып, жогорку деңгээлде өттү.

Аталган мектепте 1045 окуучу билим алат. Мектепте негизинен тажик улутундагы окуучулар окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×