Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 27.09.2018 17:38 На русском

Кадамжай РИИБдин мурунку тергөөчүсү Нурлан Балтабаевдин иши Жогорку сотко жетти. Айыпты чагымчылдык деп эсептейт (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн мурунку тергөөчүсү Нурлан Балтабаев ИИМдин ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан доомат коюлуп, мыйзамсыз соттолгонун анын жакындары жана коомдук жактоочусу айтып чыкты. Коомдук жактоочусу Сайдикасым Эрмековдун пикиринде, чагымчылдык жол менен УКМКнын кызматкерлери тергөөчүнү негизсиз айыптаган. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтышты.

Нурлан Балтабаев

«2017-жылдын ноябрь айында Кадамжай районунун тергөөчүсү коррупцияга шектелип кармалган. Бул иш боюнча өзүнүн, атасынын түшүнүк катынын негизинде сотко кайрылсак, сот баш тартып койду. Ошондуктан коомдук жактоочусу катары көп документтерди карап, көп маалымат таптым. Окуя мындайча болгон. Окуяга тиешеси бар Ноокат районунун Көк-Жар айылынын жашоочусу Оштун Жапалак аймагынан бир адамдын «Хендай Либеро» үлгүсүндөгү унаасын сурап, Кадамжай районунун Марказ айылына барып, бирөөнүн үйүнөн темир жүктөшкөн. Алар Кадамжайга баргандан кийин ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкери "контрабандалык товар кетип жатат" деп Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнө телефон чалган. Ыкчам кызматтын башчысы келгенде унаанын айдоочусу "акча менен бүтүрүп койбойлубу" деп сунуш киргизген. Ал макул болбой, бул ишти кылмыш каттоо китепчесине каттап койгон.

Ошол күнү Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Балтабаев нөөмөттө болгондуктан бул иш боюнча ал тергөө жүргүзүп баштайт. Тергөөчү Балтабаев ишти иликтеш үчүн унаанын ээсине телефон чалып, бөлмөсүнө келүүнү суранган. Айдоочу тергөөчүгө келип акча сунуштаган. Ал эми тергөөчү акчаны алган эмес. Айдоочу 3 мүнөттөй убакыт сыртка чыгып, кайра тергөөчүнүн бөлмөсүнө кирип, акчаны тергөөчү отурган столдун үстүндөгү ноутбуктун артына таштап кеткен. Тергөөчү ал акчаны бир аз убакыт өткөндөн кийин көрүп, айдоочуга берейин деп артынан чыгып бара жатканда жарандык формадагы эки адам аны кармап калган. Мыйзам боюнча, мамлекеттик кызматкерлерге УКМК кылмыш ишин козгой албайт. Жаңы мыйзам боюнча, прокуратура гана кылмыш ишин козгойт. Бул окуя болгондон кийин УКМК кылмыш ишин козгогон. Арадан убакыт өтүп Баткен облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. УКМК кылмыш ишин козгогондон кийин прокуратуранын да кылмыш ишин козгоп жатканы — артында бир нерсе көрүнүп турган маселе. Ошентип бул иш райондук, облустук сотто каралып, Жогорку сотко өттү. Айтайын дегеним, бул иш атайын эле уюштурулган. Тергөөчүгө доомат коюшкан», - деди С.Эрмеков.

Нурлан Балтабаев

Айыпталып жаткан мурунку тергөөчүнүн кайын атасы Данияр Таиров да күйөө баласы негизсиз сот жоопкерчилигине тартылганын айтты.

«Буга чейин күйөө баламдын мыйзамсыз иштерин такыр билген эмесмин. Эл арасында да ал жөнүндө жаман кептер айтылчу эмес. УКМКнын кызматкерлери кызымдын унаасын дагы негизсиз эле 2 ай унаа токтотуучу жайда кармап турушту. Алар бул иштерди негизсиз жасашты», - деди Д.Таиров.

Ал эми аны окуткан мугалими Маматакун Назаев тергөөчү кесиптештеринин көрө албастыгынын курмандыгы болду деген пикирин билдирди.

«Кесиптештеринин көрө албастыгы эле болду. Мурун бул жигит эки жолу «Мыкты тергөөчү» наамын алган. Ошто иштеп жүргөндө да мыкты тергөөчү болуптур. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт экен. Ошондуктан өлкө башчыдан бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарууну көзөмөлгө алууну өтүнөбүз», - деди М.Назаев.

Негизсиз айыпталды делген тергөөчү Нурлан Балтабаев ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлерин айыптады.

«Ошол күнү мен нөөмөттөгү тергөөчү болгонум үчүн унаанын ээсин бөлмөмө чакырып, түшүнүк кат алгам. Ал улам эле акча сунуштай берди. Мен түшүнүк катын алып калгам. Ал эшикке 3 мүнөткө чыгып, кайра мага келген. Бул башынан эле уюштурулган. Аны ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери уюштурду. Анткени Кадамжай РИИБдин мурунку жетекчиси ИИМдин ички иликтөө кызматына "доля" берип турган экен. Кийинки жетекчибиз "доля" берүүдөн баш тарткан. Мына ошондуктан алар ушул иш менен провокацияны уюштурушту. Башкача айтканда, Кадамжай РИИБдин башчысын коркутуу үчүн ушул ишти жасашкан.

Мен айыпталып жаткан учурда мага УКМК кылмыш ишин козгоду. Жаңы мыйзам боюнча кызмат адамына прокуратура гана кылмыш ишин козгошу керек. Мен УКМКнын мага козгогон кылмыш иши менен таанышкам. Кийин түшүнүксүз жагдай менен мага прокуратуранын кылмыш ишин көргөзүштү. Кылмыштын саны кантип өзгөрүлүп кеткенин эч ким билбейт. Бул иш атайын уюштурулганы ачык эле билинди. Азыр иш Жогорку сотто каралганы турат. Буга чейин Кадамжай райондук соту да, Баткен облустук соту да мага 890 миң сомдук айып салып койду. Иштин атайын уюштурулганы белгилүү болуп турса дагы соттордун мындай чечим чыгарганы туура эмес», - деди Н.Балтабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×