Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.09.2018 12:08 На русском

Сүрөт, видео — Кадамжайдын Миң-Чынар айылында табылган 3 бомба жок кылынды

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында жарылуучу заттарды, тактап айтканда авиа калдыктарды тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу №02626 аскер бөлүгүнүн инженердик кызматынын башчысы, подполковник Русланбек Улукахунов билдирди.

Анын айтымында, калдыктарды тазалоо иштерин түштүк кургактагы аскер бөлүктөрүндөгү инженердик аскер кызматкерлери жүргүзүштү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, СССР учурунда бул аймакта авиа полигон болгон.

«Авиа майданда иш 1973-жылдары токтотулган. Бүгүнкү күндө авиациялык бомбалардын калдыктары калган жердин аянты жалпы 50 млн чарчы метрди түзөт. Буга чейин анын 250 миң чарчы метри тазаланып, 20 бомба табылган болчу. Бүгүнкү тазалоо иштеринде жалпы 3 авибомба табылып, жашоочуларга коркунуч келтирбеген аймакта жардыруу ыкмасы менен жок кылынды», - деди ал.

Тазалоо иштери аяктагандан кийин жергиликтүү бийлик кургактагы аскер бөлүктүн инженердик аскерлерин сыйлады.

Буга чейин Баткен облусунун аймагында 20дан ашык авиациялык жардыргыч заттар (бомба) табылганын, алар 50-жылдардагы окуу иштеринен калганын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Турпак айыл аймагындагы жарылуучу заттарды тазалоо иштери жайдын башында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн суранычы менен башталган. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн курамына Жаңы-Жер, Миң-Чынар жана Жаш-Тилек айылдары кирет.

«Тазалоо иштери башталгандан бери сапёрлор 40 миң чарчы метр аянтты текшерип, анын жыйынтыгында ФАБ-100 тибиндеги 20дан ашык авиациялык бомбаларды жок кылышты. Зыяндуу жарылгыч заттарды жок кылуу жана аймакты тазалоо иштери кооптуу экенине карабастан абанын температурасы жогорку учурда дагы жүргүзүлүп жатат», - деп айтылган билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×