Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.09.2018 16:28

Кадамжайда күздүк дан эгиндерин себүү иштери башталды (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунда күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери башталды. Эгин эгүү үчүн атайын көчмө штабдар түзүлгөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Айыл чарба тармагында 4 жылдан бери кылкандуу дан эгиндерин себүүдө түз эгүү ыкмасы колдонулуп келет. Бул ыкма аркылуу жерди айдабай эле техниканын жардамы менен эгинди себүүгө болот. Дал ушул ыкма менен райондо күздүк дан эгиндери себилип баштады.

«Эгинди түз эгүү ыкмасы менен эккенден кийин сөзсүз жайында отоо чөптөрү чыкканда дары менен жок кылуу керек. Бул сыноодон да өткөн, жыйынтыгын да көрдүк», - деди Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдарали Асамидинов.

Түз эгүү ыкмасын колдонуу үчүн атайын долбоордун негизинде Түркиядан техникалар тартылган. Учурда эгин себүүчү техникадан облус ичинде төртөө иштеп жатат. Мындан сырткары химикат чачуучу, жер даярдоочу техникалар да бар. Бирок бул техникалар 1000 гектарга гана иштөөгө жетишет. Ал эми облус аймагында 10 миң гектарлаган жерге дан эгиндери эгилет. Техникалар облустун 20-30% гана камсыздай алат. Дан себүүчү техника жарым саатта бир гектар жерге эгип коет. Бул техниканы сатып алуу өтө кыйын болгондуктан ал дыйкандарга гранттык негизде берилди.

«Эл наз буудайын көп сурашат. Себеби ал буудай биздин шартка ылайыкталган. Эми ошол сортторду көбөйтүүнү пландап жатабыз. Анын баасын мамлекет 18-30 сомдон коюп берген. Бирок эл арзан сурап, 20 тоннасын эркин сатууга койдук», - деди Кара-Дөбө үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Абдыгапар Жалалов.

Ошондой эле дыйкандар мындан ары кооперативге биригип иштөөнү да пландап жатышат. Эгер кооперитивге 100 киши бириксе, анда алардын өндүрүш көлөмү да көп болуп, инвесторлор менен иштеше алат.

Кадамжай районунда күздүк кылкандуу дан эгиндери 1800 гектар аянтка эгилип, андан 5040 тонна түшүм алынат. Ал эми түз эгүү ыкмасы менен өткөн жылы 230 гектарга эгин эгилсе, быйыл 300 гектарга кеңейтилет. Бул ыкма аркылуу суулуу аянттан 40 центрге, ал эми кайракы жерден 25 центрге чейин түшүм алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×