Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.10.2018 10:46 Жаңыланды: 02.10.2018 12:21 На русском

Кадамжайда 37 жаштагы киши мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Кызганыч себеп болушу мүмкүн

Turmush -  Кадамжай районунда эркек кишинин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылды. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү адам кармалганын Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Жансыз денени жолдун четинде токтоп турган автоунаадан көргөнүн Миң-Чынар айылынын тургуну 1-октябрь күнү саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлерине билдирген. Кадамжай РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек кишинин бир нече жолу бычак сайылган денесин табышкан. Анын өздүгү такталып, 37 жаштагы жергиликтүү тургун экени, денеси табылган унаа өзүнө таандык болгону аныкталды.

Андан көп узабай Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери ошол эле айылдын 34 жаштагы тургунун оор кылмышка шектүү катары кармашкан. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, шектүү бул кылмышты кызганычтан улам — аялы менен маркумдун ортосунда байланыш бар экенин уккандан кийин жасаган. Анын жубайы бала бакчада эмгектенсе, маркум сантехник болуп эмгектенчү. Окуядан кийин шектүү милиция кызматкерлерине өзү барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон адамдын денесине 9 жолу бычак сайылган. Учурда оор кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×