Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.10.2018 15:10

Айыл турмушу: Кадамжайлык бир туугандар 5 млн сомго 5 гектар жерди бакчага айлантып жатышат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айылында тегиз жердин жоктугуна байланыштуу жайлоо жерлерин убактылуу өздөштүрүүгө туура келет.

Азиз Копуз углы да бир туугандары менен кошо жайлоодо бак өстүрүү үчүн жылдап мээнет кылган. Алгач суу алып келүүнү колго алып, тоонун эки тарабынан 4-5 км алыстыктан суу түтүктөрүн тартып, жерине 3 миңдей алма, жаңгак жана алчанын көчөттөрүн тиккен.

«5 гектар жерге көчөттөрдү тиктим. Жалпы 5 млн сомго жакын каражат кетти. 4 бир тууганбыз, жалпыбыз бирге иштеп жатабыз», - деди багбан.

Багбандын уулу Реджеп Копузовдун айтымында, алар муну менен гана чектелбестен тоо башына электр энергиясын тартып, балык чарбасын да өздөштүрүүдө. Учурда бул чарбада 5 миңден ашуун көк чаар балыктар бар. Жаңыдан өздөштүрүлүп жатканына байланыштуу балыктар көбөйө элек.

«Балыктар Бишкектен келет. Күнүнө 4-5 маал жем беребиз. Караш оңой эле. Жемин эле берип койсок болду. Жакында дагы көбөйтөлү деп жатабыз», - деди ал.

Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыразак Бакиров багбанчылык мындан ары да өнүктүрүлө тургандыгын билдирди.

«Ишкерлер насыя албай, өздөрү эле иш кылып жатышат. Акчасы бар кишилер көп, бирок мүмкүнчүлүк болбой жүргөн. Эми мүмкүнчүлктөр пайда болду. Мындан ары да ишкерлерибиз көбөйөт деген ойдомун», - деди Бакиров.

Учурда бул бир туугандар бул аймакта эң алгачкылардан болуп бак отургузушту. Ал эми Чаувай айыл аймагында жалпы 1600 адам жашайт. Айылдын жер кыртышы тегиз эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×