Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 04.10.2018 10:39

Аялын кызганып адам өлтүрүү: Кадамжайда 37 жаштагы адамдын өлүмү иликтенип жатат

Turmush -  Кадамжай районунда бычакталып каза болгон адамдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-октябрь күнү саат 09:00 чамасында Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнө Миң-Чынар айылындагы көчөдө белгисиз кишинин жансыз денеси жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган жерге барып, Миң-Чынар айылында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз адамдын денесин табышкан. Анын көкүрөк бөлүгүндө жаракаты бар экендиги такталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон адам Миң-Чынар айылынын 37 жаштагы тургуну Т.А. экендиги такталган. Аны өлтүрүүгө шектелип, өзүнүн 34 жаштагы айылдашы Ж.А. кармалган болчу.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча (киши өлтүрүү) кылмыш иш козголуп, 37 жаштагы маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү катары кармалган адам камакка алынды.

Окуя тууралуу:

2-октябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Кадамжай районунда эркек кишинин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылгандыгын, аны өлтүрүүгө шектүү адам кармалгандыгын кабарлаган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, шектүү адам бул кылмышты кызганычтан улам — аялы менен маркумдун ортосунда байланыш бар экенин уккандан кийин жасаган. Анын жубайы бала бакчада эмгектенсе, маркум сантехник болуп эмгектенчү. Окуядан кийин шектүү милиция кызматкерлерине өзү барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон адамдын денесине 9 жолу бычак сайылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×