Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.10.2018 14:11 На русском

Кадамжайдын Чандеки айылындагы жайлоого мал сарай курулду (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Чандеки айылындагы Заңгал жайлоосуна 700 баш жандык малга ыңгайлаштырылган сарай салынды. Бул тууралуу Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Шермат Конокбаев билдирди.

«Биздин Көтөрмө айыл өкмөтүндө мал короо куруу боюнча тендер жарыяланган. Жыйынтыгында оштук ишкерлер утуп алып, май айынан иш баштап, сентябрда бүтүрүштү. Учурда элдин кой, эчкилери аталган короого түшүп, жергиликтүүлөр карашууда», - деди ал.

Жаңыдан бүткөрүлгөн короо Чандеки айылынан 10 км алыс. Анын курулушуна жергиликтүүлөр да жардам беришкен. Алар сарайдын чатырын жабууга жана бир тарабындагы бетон дубалын тургузууга жардамдашып, 1 км алыстыктан түтүктөр менен суу алып келишкен.

Көтөрмө айыл өкмөтүндө быйыл 2 мал сарай курулду. Анын бири Кызыл-Булак айылында болсо, экинчиси Чандеки айылынын Заңгал жайлоосунда. Курулуштун жалпы сметалык баасы 741 миң сом болгон.

Жергиликтүүлөр жайкысын жайлоого чыкпагандыктан, бардыгы малын, мал сарайга жөнөтөт. Андан кийин кезек-кезеги менен барып малды кайтарышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×