Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.10.2018 17:15

Кадамжайда «Эл арасы — өнөр казынасы» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында «Эл арасы — өнөр казынасы» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, ага Марказ, Үч-Коргон жана Халмион айыл аймактарынан таланттуу адамдар катышты. Алар үрп-адатты тааныштыруу, жаңылмач айтуу боюнча сынактардан өтүп, улуттук тамак-аштарды, кийим-кечелерди көрсөтүп беришти. Андан тышкары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чагылдырышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Марказ, 2-орунду Үч-Коргон, 3-орунду Халмион айыл аймагынын командасы ээлеп, баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×