Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 15.10.2018 10:03 Жаңыланды: 15.10.2018 10:41 На русском

Кадамжайда 2 адам бараткан «Лексус» сууга кулап кетти (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районундагы Ак-Суу суусуна «Лексус RХ - 300» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти. ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя 14-октябрда саат 22:26 чамасында Кадамжай—Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон.

Башкаруусун жоготкон унаанын ичиндеги 2 адам (эркек киши) жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды суудан чыгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×