Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.10.2018 13:15 На русском

Кадамжайда 13 жаштагы кыз менен жатып алды деп шектелген жигиттин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат

Turmush -  Кадамжай районунда 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болду деген жигиттин үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 2005-жылы туулган тургуну М.К. (кыз) 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында өз эркине каршы зордукталгандыгы жөнүндө кабар түшкөн. Иликтөө учурунда Таш-Коргон айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.А. (жигит) 15-октябрда саат 01:00 чамасында кызыл-кыялык кызды үйүнө алып барып, төшөктө бирге болгону такталган. Андан кийин М.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган жигит ал кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнү аныкталган. Кызга соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгында М.К.нын денесинде көгөргөн жаракаттар аныкталбай, кыздык белгиси таза болуп чыккан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иш козголуп, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×