Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.10.2018 11:56

Кадамжайда жакыр үй-бүлөлөр жашай турган үй курулуп, пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-октябрда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында жакыр үй-бүлөлөр үчүн атайын курулган үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, чоң үйдүн бөлмөлөрү жакыр жашаган, атасы жок 5 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди. Имарат муздаткыч, духовка сыяктуу керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Бул үйлөр айыл өкмөтүнүн балансында болуп, аталган үй-бүлөлөр өз жашоо-шартын оңдоп алгандан кийин башка жакыр үй-бүлөлөргө берилет.

Ошондой эле аталган үй-бүлөлөргө бирден уй берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×