Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.10.2018 11:11

Кадамжайда 217 баланын ата-энеси балдарын эмдетүүдөн баш тартты

Turmush -  Кадамжай районунда 8 айдын жыйынтыгы боюнча 217 баланын ата-энеси балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Кадамжай районунун үй-бүлөлук медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кызматынын башчысы Толкунай Кайымова билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн зарылчылыгын түшүнбөстүктөн эмдөөдөн баш тарткандар болуп жатат. 2018-жылдын 8 айлык жыйынтыгы боюнча район аймагында жалпы эмдөөдөн 217 балдардын ата-энеси баш тарткан. Анын ичинен 154 үй-бүлө Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн болушкан.

18-23-октябрь күндөрү эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана медайымдарга адистер тарабынан жыйын өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×