Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.10.2018 14:55

Кыргызстандын жаратылышы: Зыяратчылар сыйынган Курбан-Көл менен Көк-Көл (сүрөт)

Turmush -  Кыргызстандын бардык аймактарынын жаратылышы кооз экендиги талашсыз. Кайсы жерге барбаңыз табиятка суктанып, эбегейсиз эргүү аласыз. Бул жолу Шахимардандын ары жагында жайгашкан кыргыздын кереметтүү табияты тууралуу аймактык кабарчыга изилдөөчү Гүлбара Оморова айтып берди.

Шахимарданга баруучу маршрут

- Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан көпчүлүккө белгисиз жаратылыш аймактарга барганга кызыгуум бар. Кичи-Алай, Чоң-Алай, Чаткал кырка тоолорундагы кооз жерлерге жана илгерки атагы чыккан Дугоба, Каравшин сыяктуу капчыгайларга барууну пландаштырып жүрөм. Жумуш боюнча Кадамжайга барып, ошол жактагы туристтик жайларды көрүп келдим.

Бишкектен Ошко чейин учак менен барасыз да, аэропорттон автобекетке келесиз. Ал жактан такси менен Кадамжайга чейин барасыз. Кадамжайдагы «Достук» чек ара бекетинен түшүп калып, ошол жерден такси менен Шахимардан өзбек анклавына келесиз. Эгер кааласаӊыз Шахимарданга Өзбекстандан келе жаткан автобуска түшүп да барсаңыз болот. Жолдон «Ак-Кыя» чек ара бекетинен өтөсүз. Сиздин чет өлкөгө чыга турчу паспортуӊуз жаныңызда болушу керек. Мөөр бастырып гана 2 өлкөнүн өткөрмө пунктарынан өтөсүз. Бул жерден бир аз жүрүп Шахимарданга келесиз. Швейцарияга окшошкон бийик тоолордогу кооз көрүнүш сизди кайдыгер калтырбайт. Бул жерде сизге ыңгайлуу, баасы арзан дачалар, эс алуучу жайлар бар. Шахимардандан ары жөө басасыз, дагы бир Өзбекстандын чек ара бекетинен, андан кийин Кыргызстандын «Курбан-Көл» чек ара бекетинен өтөсүз. Ошондуктан документтериңизди дайыма жаныңызда алып жүрүшүңүз керек. Бул жактарга паспорт аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары гана кире алышат. Калганы атайын чек ара кызматынан кирүүгө уруксат берүүчү документин алышы керек. «Канатная дорога» май айынан сентябрь айына чейин үзгүлтүксүз иштейт жана баасы арзан. Мага техникалык абалы гана ишеним жараткан жок. Бул жактан биринчи көлгө чейин жөө бассаӊыз 40-50 мүнөт убакытта жетесиз. Баруучу жол абдан оңой, мен барганда октябрь айы болгондуктан бир да жан болгон жок, жайлоодогу чабандар да калбай малдары менен ылдый түшүп кетишиптир.

Мен бул жерге жалгыз келдим

- Кээ бир жергиликтүү жашоочулар Курбан-Көл деп аташат. Көл Алай тоо кыркасында, Көк-Суу суусунун капчыгайынан орун алган. Деңиз деңгээлинен 1725 метр бийиктикте жайгашкан. Курбан-Көлдүн жогору жагында Көк-Көл деп аталган абдан кооз дагы бир көл жайгашкан. Шахимардандан ары бул көлдөргө жетүү үчүн 7 км жол басасыз. Шахимардан эки тоонун ортосунда жайгашып, эки жагынан тоодон түшкөн дарыялар, Ак-Суу менен Көк-Суу суулары агып келип биригип, Шахимардан дарыясын жаратат. Мен бул жерге жалгыз келдим да андан ары тоолорго, көлдөргө да жалгыз бардым. Барып келгениме 4 күн кетти.

Болжол менен 1966-жылы тоодон көчкү кулап, ушул көлдөр пайда болгон дешет. Биринчи көлдүн эки жагы бозомтук сары аскалар менен курчалган. Суунун өңү асмандын түсүндөй бирде көк, бирде жашыл болуп табышмактуу көрүнөт. Бул жайларга пайда болгондон бери Фергана өрөөнүндөгү мусулмандар зыяратка келишчү. Совет доорунан бери бул кооз жерлерге Ош, Маргилан, Фергана жана башка аймактардан эс алуучулар, зыяратчылар келишчү. Абдан белгилүү болуп каттамдар эч убакта үзүлгөн эмес.

Кийинки 2010-жылкы окуялардан кийин чек араларды жаап салганына байланыштуу туристтер жана эс алуучулар каттай албай, бул жерлердеги туризм багыты токтоп калган. Кээ бир эс алуучулар санаторийлерге жолдомо аркылуу гана киргенге мүмкүн болгон. Бирок 1 жылдан бери чек ара ачылып, эми эс алуучулар, туристтер жана зыяратчылар оңой эле чек ара бекеттеринен өтүшүп, туризм жандана баштады.

Бул көлдөрдү ыйык көлдөр деп аташат

- Анткени, биринчи көл тоолордун кучагында арчалар өскөн бетке карай жайгашып, эң кооз көрүнүшкө ээ болсо, экинчи көл чоңдугу жана кубулжуган түсү менен айырмаланат. Бул жерлерде ит мурун, бөрү карагат, кара тоо карагаты, чекене, алма, өрүк жана башка мөмөлөр өсөт. Кызыл китепке кирген дары чөптөр жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр өсөт. Жаныбарлардан бул тоолордо карышкыр, аюу, түлкү, тоо текелер бар жана канаттуулардын түрлөрү кездешет.

Бул көлдөрдү ыйык көлдөр деп аташат жана зыяратчылардын активдүү сыйына турган жери болуп эсептелет. Көлдөрдүн суулары мөңгүдөн эрип түшүп аябай таза жана тунук, ичкенге сапаттуу. Ошондуктан ыйык суу деп аталып, Кокон хандыгынын учурунда да белгилүү болгон. Бул чөйрөгө байланышкан көптөгөн уламыштар айтылат. Көлгө баратканда аскалардын оң жагында Беш-Манжа деген касиеттүү булактар бар. Кээ бир маалыматтарда бул жердин тарыхы Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Хазрат Алинин аты менен байланышкан. Шахимардандын өзүндө белгилүү мазарлар жана туристтерге кызыктуу боло турган, тарыхый маалыматтарды камтыган өзбек акыны жана драм театрдын негиздөөчүсү Хамза Хакимзаденин мавзолейи жана музейи бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×