Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.10.2018 11:47

Кадамжайда Баткен окуясында курман болгондор эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда Кадамжай районунун борборунда Баткен окуясынын, Ооган согушунун ардагерлерине арналган жыйын өтүп, курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Эскерүү иш-чарасына райондун акими Жаныбек Исаков, Баткен согушунун 150гө жакын катышуучусу жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Алгач эстеликке гүл чамбар коюлуп, андан кийин курман болгондор эскерилип, куран окулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Баткен окуясынын ардагерлерине сый тамак уюштурулуп, аким Жаныбек Исаков ардагерлердин мекенди коргоодо чоң эрдик жасаганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×