Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.10.2018 12:34 На русском

Кадамжайда 5 адамга, иттерге жана малга кол салган карышкырлардан кутурма оорусу аныкталды

Turmush -  Кадамжай районунда 5 адамга, иттерге жана малга кол салган карышкырлар кутурмага чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Окуя 23-октябрь күнү саат 07:00 чамасында болгон. Майдан айыл аймагынын Майдан айылынын 5 жашоочусун карышкыр тиштеп алган.

«Карышкыр 46 жаштагы А.А.нын колун, 42 жаштагы А.Ж.нын башын жана бетин, 41 жаштагы М.И.нин колун жана бетин, 51 жаштагы К.А.нын бетин, 29 жаштагы Р.К.нын кулагын тиштеп, качып кеткен. Мындан тышкары карышкыр 3 итти да тиштеген. Ал карышкырды Кереге-Таш айылынын тургуну уруп өлтүрүп, башын кесип, кутурма оорусун аныктоо үчүн Ош ветеринардык лабораториясына жөнөтүшкөн. Ал жерден карышкырдан кутурма оорусу аныкталган», - деп айтылат маалыматта.

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Майдан айылында карышкырдын кутурма ылаңы боюнча чектөө коюу жөнүндө райондук администрациянын буйругу чыкты. Ал эми карышкырдан жабыркаган 5 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, хирургия бөлүмүнө жаткырылып, кутурмага каршы дарыланып жатышат.

Ошондой эле Майдан айылынын Чакмак участкасынын тургуну Б.К.га таандык койду карышкыр тиштеп кеткен. Ал койду 1984-жылы туулган Б.К. менен 1991-жылы туулган Р.Ж. союп, этин үй-бүлөсү менен жешкен. Алар кутурмага каршы эмдөө алып жатышат.

Майдан айыл аймагынын башчысына жана Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборунун директоруна кутурма оорусун алдын алуу иш-чараларын күчөтүү боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери тарабынан Майдан айылында ар бир үй-бүлөгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Майдан айылындагы Исфайрам орто мектебинде окуучуларга лекция окулду.

Буга чейин Биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгү Кара-Жыгач айылына 2 карышкыр кирип келип, алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салганын, анын кесепетинен 4 адам ар кандай оор жаракаттарды алганын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×