Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.10.2018 14:58

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 58 млн сомго оорукана курула баштады (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү ооруканага 58 млн сомго кошумча имарат курула баштады. Бул тууралуу Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Рустам Дадабаев билдирди.

Маалыматка караганда, курулуш иштери октябрь айында башталды. Аталган курулушка мамлекет тарабынан 58 млн 211 миң сом бөлүнгөн. Мындан мурда 1969-жылы курулган Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратынын балдарды жандандыруу бөлүмү, дарылоо консультативдик бөлүм, поликлиника бөлүмү жараксыз абалга келип калган. Андыктан аталган бөлүмдөр жаңы имаратка муктаж болчу.

Оорукананын пайдубалына капсула салуу иштерине парламенттин депутаты Сайдалимжан Жороев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжон Абдурахманов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×