Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 29.10.2018 09:18 На русском

Кадамжайдын Чандеки, Тамаша айылдарында териле элек алмаларды үшүк алып кетти (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Чандеки, Тамаша айылдарында аба ырайынын туруксуздугунан улам бактагы териле элек алмаларды үшүк алып кетти. Бул тууралуу Чандеки айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, аталган 2 айылдын алмаларынын 20-30% жараксыз болуп калды.

«Быйыл суук эрте түшүп, аба ырайынын туруксуздугунан улам айылыбыздагы терүүсүз калган алмаларды үшүккө алдырдык. Буга чукул арада күн катуу суук болуп, кайра тез эле ысып кеткени себеп болду. Айылдын басымдуу бөлүгү жылда алмаларын биринчи карды жаадырып, андан кийин терип алчу. Анткени бир кар жеген алма кышында салмагын, даамын жоготпой, узак мөөнөткө сакталат», - деди Чандеки айылынын тургуну Шайырбек Шамшиев.

Тамаша айылынын башчысы Муса Темировдун айтымында, быйыл багбандар чыгымга учурады.

«Быйыл кыш эрте түшүп, Тамашанын ылдыйкы Туманчы кичи айылынан башка бардык айылдарында катуу үшүк жүргөн. Тамаша айылынын 20% алмасы үшүктөн улам жараксыз болгон. Мындан улам багбандарыбыз чыгымга учурады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×