Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.10.2018 14:18 Жаңыланды: 30.10.2018 16:55 На русском

Сүрөт — 102 жаштагы Малика апаны басмачылардан качкан энеси тоо-таштын арасында төрөгөн

Turmush -  Кадамжай районундагы Жошук айылынын кылым карыткан тургуну Малика Ахматова көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Документинде 1916-жылы төрөлгөн деп жазылганы менен Малика апа кыш эми бүтүп, кар толук ээрий элек маалда төрөлгөнүн гана уккан.

Өзүнүн айтымында, айылга бастырып келген басмачылардан качкан апасы аны тоо-таштын арасындагы жийденин түбүндө төрөгөн. Тарыхый окуялар менен тыгыз байланышып, аларга өзү күбө болгон Малика апа жашоосу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мен азыр 102 жашка чыктым. Баккан апамдын айтымында, Үркүн учурунда төрөлгөн экенмин. Апамдын боюнда бар кезде биз жашаган айылга басмачылар бастырып келиптир. Айыл ызы-чуу, тополоң болуп, качканы качып, кача албаганы кармалып калат. Менин ата-энем да Гөзал-Ата, Эргенек деген тоолордун арасына тууган-уругу менен качып барып жашынышат. Ошондо апамдын боюнда мен бар экенмин. Апам жолдо баратканда толгоосу башталып, жийденин түбүндө мени төрөптүр. Анда кар эми ээрип, жаңы жаз башталган учур экен. Жыл сайын ошол жерге барып, куран окутуп туулган күнүмдү белгилеп келем. Анткени мен төрөлгөндөн үч күндөн кийин апам каза болуп калган. Мени Ашырбү деген чоң энем багып алыптыр.

Анын айтуусунда, апам төрөт учурунда көп кан жоготуп каза болгон. Мен ыйлап ачка болгондо эмне кылаарын билбеген чоң энем эмчегин салып эмизсе, жараткандын кудурети менен сүт чыгып кеткенин айткан. Мен 8 жашыма чейин эмчектен чыккан эмесмин.

Мен төрөлгөндөн бир айдан кийин айылга адам жөнөтүп кабарлашып, кыштак тынч деген кабардан соң көчүп келишиптир. Басмачылар алганын алып, айылды тоноп чыгып кеткен дешчү», - деди М.Ахматова.

Малика эне 13 жашка толгондо турмушка чыккан. Жолдошу Улуу Ата Мекендик согушка кеткен бойдон кайтпай калганын айтты.

«Балалыгым талааларда пахта терип, буудай оруп, мал кайтарып өттү. Менин атам Нарбото деген бай болгон. Биз төрт бир тууган элек — 3 кыз, 1 уул. Биздин айыл Беш-Кепе деп аталчу. Анда атамдын туугандары, жакындары гана жашаган. Кийинчерээк ар тараптан адамдар көчүп келишти.

Кат таанып, латын тамгасын үйрөнгөм. Ошондой болсо да талаада иштеп чоңойдум. Бирөөдө бар, бирөөдө жок заман болгон. Биз ошого да шүгүр кылып, бактылуу элек. Ал убактагы жашоону айтып отурсам өзүнчө бир жомоктой болот.

Ата-энем мени 13 жашымда Арап деген кишиге турмушка берип, 17 жашымда уулдуу болдук. Кийин жолдошумду согушка чакырышты, ал ошол согушта каза болуп, кайтпай калды. Мен бир бала менен жесир калдым. Андагы суук кабар дале жүрөгүмдү муздатат. Кийинчерээк төркүндөрүм Али Ахматов деген адамга турмушка беришти. Ал экөөбүз 5 уул, 3 кызды тарбиялап чоңойттук. Учурда 50 небере, 86 чөбөрөм бар. Жолдошум 1974-жылы каза болду. Биз бактылуу, татыктуу өмүр сүрдүк десем болот.

Баланын күйүтү жаман экен. Бир уул, бир кызым каза болуп калды. Жакында эки чөбөрөмдү үйлөндүрдүм, буюрса кыбыралуу болом деп отурам», - деди Малика Ахматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×