Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусуКадамжай району 12.11.2018 14:50

Кадамжайда элдин малына кол салган 2 карышкыр, 3 чөө атылды (видео)

Turmush -  Акыркы жумада Кадамжай районунун аймагынан мал-жандыктарга кол салган 2 карышкыр, 3 чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай районундагы бөлүмүнүн өкүлү Алайбек Беделов билдирди.

Маалым болгондой, акыркы жумада Марказ айыл аймагынан 1 карышкыр 3 чөө, Кадамжай шаарынын Сары-Талаа жайлоосунан 1 карышкыр атылды. Бул жырткыч жаныбарлар жергиликтүү элдин малына кол салып зыян келтирген. Учурда Марказ айыл аймагында чөө-бөрүлөр кескин көбөйүп, малга тынымсыз кол салып жатат. Андыктан чөөлөрдү 22-ноябрга чейин жок кылуу планы коюлган. Чөөлөр камыштардын арасында жашагандыктан ууга даярдалган иттер да тартылган.

Жыл башынын азыркы күнгө чейин район аймагынан 51 карышкыр, 23 чөө атылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×