Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 13.11.2018 08:17

Кадамжайдын Кызыл-Булак айылындагы жакыр үй-бүлөлөргө көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы аз камсыз болгон 13 үй-бүлөгө Россияда эмгектенип жүргөн айылдаштар көмүр алып беришти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алар акча чогултуп, ар бир үй-бүлөгө 5 каптан көмүр таратышкан.

«Россияда иштеп жүргөн балдар-кыздарыбыз акча топтоп, Кызыл-Булак айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип келе жатышат. Май, кесме, күрүч жана ар кандай азык-түлүктөр менен камсыз кылып келишет. Быйыл 13 үй-бүлөгө 5 каптан көмүр таратышты. Буга чейин мектеп, бала бакчаларга акчалай жардам көрсөтүшкөн. Жакында эле бир мектепке заманбап ажаткана куруп беришти. Бала бакчалардын имараттарын оңдоп-түздөө иштерине көп жардам беришет», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×