Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 13.11.2018 16:20

Тендер жок акча бербейбиз: Кадамжайда акча үчүн мамлекеттик мекеме менен тургундардын ортосунда нааразычылык жаралууда

Turmush -  Кадамжай шаарындагы Аман Жалилов атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургандары имараттын чатырын алмаштырууда жаралган нааразычылыктарын билдиришти.

Алардын айтымында, көп кабаттуу үйдүн чатырынан жаан өтүп, жер төлөсүнө суу толуп жүргөн. Аталган көп кабаттуу үйдүн чатырын жеке ишкер карызга жаап берген. Учурда ар бир үйгө 15 миң сомдон каражат бөлүнгөн. Аталган үйдүн биринчи кабатында социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн кеңсеси да жайгашкан. Бирок аталган мекеме имараттын чатырын жабууга корогон 30 миң сом акчаны бербей жатат.

«Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн чатырынан жамгыр өтүп, жер төлөгө суу толуп калчу. Ушул 10 батирдин жашоочулары акча чогултканбыз. Үйдүн биринчи кабатында социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү жайгашкан. Алар 2 батирди бириктирип ошол жерде иштеп, жашап келишет. Алардан да акча сураганыбызда «биз акча бербейбиз» деп коюшту. 133 миң сом акча чогултканбыз. Андан сырткары усталардын кызмат акысын төлөп, электр жарыгынын зымдарын жаңылаганбыз. Алар бизге 30 миң сом акча бериши керек эле. Бирок канча айтсак да бербей жүрүшөт. Бул жерде пенсионерлер, эптеп оокатын кылып жүргөн тургундар жашашат. Алардын баары берген. Бул туурасында Кадамдай районунун администрациясына да кайрылганбыз», - деди тургундар.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Феруза Толубаева тендер жарыяланмайынча эч кандай акча бере албай тургандыгын айтты.

«Бизге бул боюнча Ислам деген тургун кайрылган болчу. Ал ушул үйдүн жашоочулары акча топтоп жатканын жана 30 миң сом акча бергиле айткан. Бирок биз өкмөттүк ишкана болгонубузга байланыштуу тендер жарыяламайынча эч кандай акча бере албай турганыбызды билдиргенбиз.

Биздин мекеме дагы кеткен чыгымды беришибиз керек. Биздин угушубузга караганда Аман Жалилов көп кабаттуу үйдүн түргундарынан эч кандай акча чогулткан эмес. Жеке ишкер Баужан деген адамдын каржылоосу менен үйдүн чатыры жабылган», - деди Толубаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×